Эларалык бажы укугу (эбу)
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК БАЖЫ УКУГУ (ЭБУ) – мамлекеттердин жана/же эларалык уюмдардын ортосунда келишимдик негизде түзүлгөн, бажы маселелери боюнча эларалык кызматташуу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу эларалык укуктук ченемдердин жана принциптердин (милдеттенмелердин жана эрежелердин) жыйындысы.